Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев кинематография кызматкерлерин Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кинематография кызматкерлерин кесиптик майрамы - Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

Урматтуу кинематография кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз киносунун күнү менен куттуктайм!

Бүгүн жалаң гана кино кызматкерлеринин майрамы эмес, искусствонун эң  кызыктуу түрүнүн сүйүүчүлөрүнүн дагы чоң майрамы.

Кыргыз улуттук көркөм кинематографиясынын даңктуу санжырасы 1955-жылы “Мосфильмде” тартылган “Салтанат” көркөм фильминен башталат. 60 жылдын аралыгында кыргыз киносу күндөлүк турмушубузга  терең аралашып, улуттук маданияттын ажырагыс бөлүгүнө айланды.

Кыргыз кинематографиясынын калыптанышына  Москва жана Ленинград киномектептеринин чеберлери  көп салым кошту. Алардын көмөгү аркасында материалдык-техникалык база түзүлүп, кыргыз кинематографиясынын улуттук кадрлары даярдалды. Кийинчерээк дал ошол адистер дүйнө элин киноискусстводогу кайталангыс көрүнүш – “кыргыз керемети” тууралуу кеп кылууга мажбур кылды. Белгилүү  кино актерлору Муратбек Рыскулов, Болот Бейшеналиев, Сүймөнкул Чокморов, Даркүл Күйүкова, Таттыбүбү Турсунбаева, Сабира Күмүшалиева, Бакен Кыдыкеева, Советбек Жумадылов жана башка  чеберлер          ошол “кыргыз кереметинин” символдоруна айланды.

Кыргызстан эли Мелис Убукеев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, Альгимантас Видугирис жана башка  чыгаан режиссерлеру менен сыймыктанат. Алардын катарында быйыл  80 жылдык мааракеси белгиленип жаткан СССР эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын  ээси Төлөмүш Океев өзгөчө орун ээлейт.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов дагы кыргыз кинематографиясынын өнүгүшүнө зор салым кошуп кетти. Анын чыгармалары керемет  кинофильмдердин тартылышына  түрткү берип, ал тасмалар улуттук кинонун алтын фондуна кирип калды.

Өткөн жылдардын аралыгында Кыргызстанда кино операторлорунун мектеби калыптанып, алардын арасында Кыргызстандын эл артисти Кадыржан Кыдыралиев менен  Кыргызстан искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Манас Мусаев кыйла ийгиликтерге жетишишти.

Кыргызстандын таланттуу кинематографисттери өздөрүнүн фильмдери аркылуу кыргыз элинин салт-санаасын, чалкыган бай руханий маданиятын дүйнөгө даңазалай алды. Кино дүйнөсүндө өз өлкөсүнүн, тоо койнундагы эр көкүрөк элинин кайталангыс образын түзүүгө жетишти.

Учурда биз  кыргыз киносу кайрадан жанданып, улам бийик серени карай көтөрүлүп баратканына күбөбүз. Улуу муундагы режиссерлор, сценаристтер жана артисттер калыптандырып кеткен жакшы салттарга таянып, кинематографисттердин жаңы мууну өсүп келе жатат. Деми күчтүү жаш муун улуттук кино өнөрдүн туусун бийик көкөлөтүүгө умтулууда.

Кыргыз киносунун келечеги кең деп терең ишенем. Элибиз кино чеберлерден пейилди оңдоого, жаратман эмгекке, жакшылыкка жана адилеттүүлүккө  чакырган мыкты тасмаларды күтөт. “Кыргыз кереметинин” көрөңгөлүү саамалыктары татыктуу улантылат деген үмүттөбүз.

Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, бак-таалай жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Кыргызстаныбыз тынчтыкта гүлдөп өнүгө берсин!

Кыргыз  Республикасынын

Президенти                                                       Алмазбек Атамбаев”. 

2015-жыл 17-ноябрь