Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Бельгиянын Королу Филиппти Королдор династиясынын күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бельгия Королдугунун Королу Филиппти улуттук майрам - Королдор династиясынын күнү менен куттуктады.

“Мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн ачыла элек потенциалы бар болгон кыргыз-бельгиялык мамилелердин илгери адымдап өнүгүп жаткандыгын белгилеп коюу жагымдуу”,- деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев  Кыргыз Республикасы өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууну чыңдоого кызыкдар экендигин баса белгилеп, Король Филиппке чың ден-соолук жана король катары ишмердигине ийгиликтерди, ал эми бельгия элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2015-жыл 16-ноябрь