Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Париж шаарындагы теракттарга байланыштуу Франциянын Президенти Франсуа Олландка көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14 ноябрда, Парижде бир нече террористтик актылардын натыйжасында бейпил жарандардын курман болгондугуна байланыштуу Франция Республикасынын Президенти Франсуа Олландка  көңүл айтты.

“Кыргыз Республикасы  терроризмдин бардык  түрлөрүн чечкиндүү түрдө айыптайт жана бул коркунучка каршы күрөшүү боюнча эл аралык коомчулуктун  аракетин колдойт”,-деп  белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев каза болгондордун туугандарына жана жакындарына кайрат айтып, жабыр тарткандар тезирээк сакайып кетишин каалаган сөздөрүн жолдоду.

2015-жыл 14-ноябрь