Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев кызматтык милдетин аткарып жатып курман болгон милиция кызматкери Тынчтык Абдрахмановдун үй-бүлөсүнө 100 000 сом бөлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  кызматтык милдетин аткарып жатып, сууга чөгүп бараткан аялды сактап калам деп курман болгон милициянын кайгуул-күзөт кызматынын кенже сержанты Абдрахманов Тынчтык Карымшаковичтин үй-бүлөсүнө 100 000 (жүз миң) сом бөлдү.

Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүнгөн каражаттар Тынчтык Абдрахмановдун үй-бүлөсүнө тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын  Ички иштер министрлигинен маалымдалгандай, 2015-жылдын 8-ноябрында Чүй облусунун Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө шаардын түндүк бөлүгүндөгү каналда аял агып баратат деген кабар түшкөн. Ал жерге дароо Токмок шаарынын ИИБ ыкчам-иликтөө тобу жана тез жардам кызматы жөнөтүлгөн.

Ыкчам топтун курамында чогуу келген милициянын кенже сержанты Тынчтык Абдрахманов чөгүп бараткан аялды сактап калыш үчүн сууга секирип түшкөн. Тилекке каршы  ал суудан сүзүп чыга албай калган.

Тынчтык Абдрахманов 26 жашта эле, артында эки баласы калды. 

2015-жыл 12-ноябрь