Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Гельмут Шмидттин каза болгондугуна байланыштуу Германиянын Федералдуу Президенти Йоахим Гаукка жана Федералдуу канцлери Ангела Меркелге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев мурдагы Федералдуу канцлер Гельмут Шмидттин каза болгондугуна байланыштуу Германия Федеративдүү Республикасынын  Федералдуу Президенти Йоахим Гаукка жана Германия Федеративдүү Республикасынын  Федералдуу канцлери Ангела Меркелге көңүл айтты.

Мамлекет башчысы көрүнүктүү саясатчы жана ишмер, мурдагы Федералдуу канцлер Гельмут Шмидттин каза болгондугуна байланыштуу Федералдуу Президентке жана Федералдуу канцлерге, ошондой эле  жалпы немис элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайратка чакырган сөздөрүн жолдоду.

2015-жыл 11-ноябрь