Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Илим күнү менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: 

Урматтуу илимпоздор жана илим ишмерлери! 

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын илим күнү менен куттуктайм!

Кандай гана өлкөнүн болбосун социалдык-экономикалык өнүгүшүн тездетүүнүн эң орчундуу  өбөлгөсү болуп эсептелген адам капиталын түзүүдө илим өзгөчө мааниге ээ.

Кыргызстандын шартында бардык илимий күчтөрдү артыкчылыктуу багыттарга топтоо зарыл. Илимдин натыйжалуулугун жогорулатуунун заманбап механизмдерин ишке киргизип, илимий чөйрөдө атаандаштык кырдаалды түзүү керек. Изилдөөлөргө материалдык жактан өбөлгө түзүүнүн ийкемдүү формаларын киргизүү абзел. Илимпоздордун коомубуздагы аброюн арттыруу саясатын так жүргүзүп, илимге жаш, талантуу күчтөрдүн келиши үчүн шарт түзүү, илимдин өндүрүш менен байланышын чыңдоо – биздин максатыбыз.

Биз жаңы бийиктиктерге жана эл аралык деңгээлдеги илимий жетишкендиктерге умтулуп, дүйнөлүк илим-билим системасына интеграцияланышыбыз керек. Азыр биздин экономикабыз тушугуп жаткан атаандаштыктын глобалдык чакырыктары биринчи кезекте өлкөбүздүн илимий потенциалынын алдына чоң жана кечиктирилгис милдеттерди коюуда.

Кыргызстандын илимпоздору муундар ортосундагы байланышты жана илимий салттарды улантып, өздөрүнүн бардык чыгармачылык дараметин өлкөбүздүн жана элибиздин кызыкчылыктарына кызмат кылууга жумшайт деп ишенем.

Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, бак-таалай жана Кыргызстандын жаркын келечегине  арналган илимий ишмердигиңиздерге ийгиликтерди каалайм!

  

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                        Алмазбек Атамбаев”.

 

2015-жыл 10-ноябрь