Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Маалыматжана басма сөз күнү менен куттуктоосу

Куттуктоо тексти:

“Урматтуу журналисттер, басма сөздүн, радио жана телекөрсөтүүнүн, басма ишинин жана полиграфиянын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Маалымат жана басма сөз күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Басма сөз бизди акыркы жаңылыктар менен тааныштырып, ааламда жана өлкөбүздө болуп жаткан окуялардын “күрөө тамырын” кармап турууга көмөктөшөт. Ошол эле мезгилде басма сөз коомдук пикирди чагылдырып, бийлик менен элдин ортосундагы “көпүрө” болуп саналат.

Сиздер коомдук пикирди чагылдыруу менен гана чектелбестен, коомдук маанайды аныктап, адамдардын жүрөгүнө жана аң-сезимине олуттуу таасир этесиңер. Акыркы жылдары Кыргызстанда болгон өзгөрүүлөргө сиздер зор салым коштуңуздар. Бул үчүн биз сиздерге ыраазыбыз. Биз өзүнө жүктөлгөн социалдык милдетин ар-намыстуулук менен аткарып, Улуу Сөздүн, коомдун, өзүнүн абийиринин алдындагы зор жоопкерчилигин унутпаган калем чеберлерибиз менен сыймыктанабыз.

 “Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет” демекчи, жалындуу, күчтүү айтылган жакшы сөз адамдарды жакшылыкка үндөйт. Ал эми жаман, чагым сөз коомдун биримдигин ыдыратат. Ошондуктан журналисттин калеми курч, бирок, калыс жана чынчыл болушу, ал эми  гезит беттеринен, телеэкрандардан Мекенге болгон сүйүү, улуттук рухту ойготкон, байгер турмушту курууга чакырган сөз жаңырганы өтө маанилүү.

Кымбаттуу достор!

Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын  жаркын келечегине багытталган ары жооптуу, ары түйшүктүү ишиңиздер үчүн дагы бир ирет ыраазычылык билдирип, кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Баарыңыздарга чың ден-соолук, бакубат турмуш жана жаңы чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                       Адмазбек  Атамбаев”.

2015-жыл 6-ноябрь