Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө Жарлыктарга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 5-ноябрда, Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын 84-статьясынын 5-бөлүгүнө ылайык  бир катар Жарлыктарга кол койду.

Мамлекет башчысынын Жарлыктарына ылайык:

Момуналиев Нурханбек Сакенович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-Министр болуп дайындалып, мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

Абдылдаев Эрлан Бекешович - Кыргыз Республикасынын тышкы  иштер министри болуп дайындалып, мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

Турганбаев Мелис Токтомамбетович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри болуп дайындалып, мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна - Кыргыз Республикасынын юстиция министри болуп дайындалып, мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

Касымалиев Адылбек Алешович - Кыргыз Республикасынынфинансы министри  болуп дайындалып, мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

Кожошев Арзыбек Орозбекович - Кыргыз Республикасынын экономика министри болуп дайындалды;

Бекбоев Турдуназир - Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри болуп дайындалды;

Малабаев Аргынбек Джумабекович- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалып, мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

Боронов Кубатбек Айылчиевич - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалып, мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

Сариева Эльвира Кубанычбековна - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалып, мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

Батыралиев Талантбек Абдуллаевич - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри болуп дайындалып, мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

Максутов Алтынбек Аскарович - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалып, мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

Базарбаев Кудайберген Базарбаевич - Кыргыз Республикасынын  социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалып, мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.

2015-жыл 5-ноябрь