Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-статьясынын 5-бөлүгүнө ылайык кол койгон Жарлыгы менен Кудайбердиева Гульмира Каримовна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалды.