Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондунун кеңешинин төрагасы, Россиянын финансы министринин орун басары Сергей Сторчакты кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 2015-жылдын 5-ноябрында, Кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондунун кеңешинин төрагасы, Россия Федерациясынын финансы министринин орун басары Сергей Сторчакты кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөбүз үчүн стратегиялык  жактан маанилүү болуп саналган айыл чарбасында, кийим тигүү, текстиль жана кайра ишететүү өнөр жайында, ошондой эле ипотекалык кредиттөө тармактырында долбоорлорду финансылоо сыяктуу багыттарда мындан аркы иштердин приоритеттери талкууланды.

Мамлекет башчысы  өлкөнүн кайра иштетүү тармагындагылар, фермерлер пайдалуу шарттагы арзан кредиттерге реалдуу жеткидей кылып, жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн ийкемдүү шарттарды түзүү үчүн Өнүктүрүү фонду натыйжалуу  иштеши зарыл экендигин баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаевдин пикири боюнча айыл чарбасында, жеңил өнөр жайында, инфраструктурада жана кайра иштетүү тармагында конкреттүү долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу  Кыргызстандын Евразиялык экономикалык интеграция процессине катышуусунун алкагында жумушчу орундарын түзүүгө жана өлкөнүн экспорттук потенциалын арттырууга өбөлгө болот.

2015-жыл 5-ноябрь