Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Турдубаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 2015-жылдын 2-ноябрында, өлкөбүздүн энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Турдубаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына  өлкөнүн энергетикалык системасынын  учурдагы иштери жана азыркы абалы, жылуулук берүү мезгилин стабилдүү өтүү үчүн энергетиктер тарабынан жүргүзүлүп жаткан комплекстүү иштер жөнүндө маалымат берилди.

Кубанычбек Турдубаев  ошондой эле  өлкөнүн калкын, анын ичинде Бишкек шаарынын жашоочуларын этап-этап менен газдаштыруу боюнча көрүлүп жаткан аракеттер, ошондой эле  газотранспорттук маршруттарды реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча  иштердин жүрүшү тууралуу айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев жылуулук берүү мезгилин ийгиликтүү өтүп, калкты электроэнергия жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу  үчүн бардык күч аракетти жумшоо  зарыл экендигин баса белгиледи.

2015-жыл 2-ноябрь