Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-октябрда Египеттин Синай жарым аралынын борбордук бөлүгүндө көптөгөн адамдардын курмандыгына алып келген россиялык жарандык самолетунун кыйрашына байланыштуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты.
Мамлекет башчысы бул кырсыктын кесепетинен улам каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айткан сөздөрүн жолдоду.