Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев АКШнын Мамлекеттик катчысы Джон Керри менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 2015-жылдын 31-октябрында, өлкөбүзгө сапар менен келген Американын Кошмо Штаттарынын  Мамлекеттик катчысы Джон Керри менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-америкалык мамилелердин актуалдуу маселелери жана түрдүү тармактарда мындан ары кызматташуунун перспективалары талкууланып, ошондой эле эл аралык кырдаалдын түйүндүү аспектилери боюнча пикир алышуу болду.

Президент Алмазбек Атамбаев  АКШнын Мамлекеттик катчысы Джон Керрини мейманды кыргыз жергесинде кабыл алып, эки тараптуу кыргыз-америкалык мамилелердин учурдагы маселелерин талкуулоонун жакшы  мүмкүнчүлүгүнө кубанычтуу экендигин  белгиледи.

Өз кезегинде АКШнын Мамлекеттик катчысы Джон Керри Мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Биздин сапарыбыз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелерди чыңдап, эки тараптуу кызматташууну  мындан ары чыңдоого өбөлгө боло турган маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк берет деп ишенебиз”, - деди Джон Керри.  

АКШнын Мамлекеттик катчысы Мамлекет башчысын парламенттик шайлоолордун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. “Шайлоолор ачык жана калыс өткөрүлдү жана мыкты уюштурулган экен. Биз өлкөлөрүбүз ортосундагы мамилени 24 жылдан бери  - Кыргызстан көз карандысыздыкка жетишкен күндөн тарта өнүктүрүп келе жатабыз жана демократиялык принциптерди колдойбуз”,- деди Джон Керри. 

АКШнын Мамлекеттик катчысы Джон Керри  ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаевге АКШнын Президенти Барак Обамадан салам айтып, анын жакшы каалоолорун билдирди.

2015-жыл 31-октябрь