Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев милициянын генерал-майору Эргеш Алиевдин 110 жылдык мааракесине куттуктоо жолдоду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев милициянын генерал-майору Эргеш Алиевдин 110 жылдык мааракесине карата куттуктоо жолдоду.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу мекендештер!

Кыргыз милициясы өлкөбүз менен бирге калыптанып, татаал жолду басып өткөн. Анын тарыхы көптөгөн инсандардын эмгеги, күч аракети менен  түптөлгөн.  Ошол  инсандардын бири – генерал Эргеш Алиев.

Быйыл кыргыз журтчулугу Кыргызстан тарыхында милициянын генерал-майору наамына биринчи болуп татыган Эргеш Алиевдин 110 жылдык мааракесин  белгилеп жатат.

Көп балалуу дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыккан Эргеш Алиев турмуштун   көп кыйынчылыктарын баштан кечирип,  Мекен керегине жараган “легендарлуу генерал” даражасына чейинки байсалдуу жолду басып өткөн.

Кезинде  Кыргызстандын түштүгүндөгү басмачылыкка каршы күрөшкө катышып, кыргыз атчандар кавалериясында кызмат өтөгөн. Туулган жеринде  колхоздун башкармасы, кийинчерээк айылдык кеңештин төрагасы катары  колхоздоштуруу ишине салым кошкон. Ал тургай соода Эл комиссарынын орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн.

Бирок Эргеш Алиевдин маңдайына тартип сакчылыгында туруп, милицияда кызмат кылуу  тагдыры жазылган экен. 30-чу жылдары басмачылар баш көтөргөндө колуна курал алып, отряд жетектеп,  ошол боюнча бүт өмүрүн милицияда кызмат кылууга арнаган.

Эргеш Алиев кыргыз милициясынын катарында дээрлик  40 жылдан ашуун кызмат кылган. Катардагы жоокерден тартып, милициянын комиссары деген жогорку наамга жеткен. Нарын, Ысык-Көл, Талас, Жалал-Абад жана Ош облустарынын ички иштер башкармалыктарын жетектеген. 

Ардактуу эс алууга чыккандан кийин дагы каарман генерал согуштун жана эмгектин ардагерлеринин облустук  уюмун жетектеп, жаштарды патриоттуулукка, Мекенин сүйүүгө үндөп жүрдү.

Мамлекет  каарман эмгегин эске алып, Эргеш Алиевди Ленин, Эмгек Кызыл Туусу, үч жолу Кызыл Жылдыз, эки жолу Ардак белгиси ордендери менен сыйлады. Ысымы  ИИМ Академиясына, өзү жашаган көчөгө ыйгарылган. Жыл сайын  Ош облустук ички иштер башкармалыгы футбол боюнча генерал-майорду эскерүү  мелдешин өткөрөт.  Борборубуз Бишкек шаарында Эргеш Алиевдин эстелиги орнотулган.

Генерал Эргеш Алиевдин өмүрү, милициянын катарында басып өткөн байсалдуу жолу элге, Мекенге кызмат кылуунун мыкты үлгүсү. Эргеш Алиевдин Кыргызстан милициясын калыптандыруу ишине кошкон салымы  элибиздин эсинде  түбөлүккө сакталат.

Кыргыз Республикасынын

Президенти        Алмазбек Атамбаев”

2015-жыл 31-октябрь