Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Москвада 7-кабаттан кулап кеткен Канайым Абсамат кызына материалдык жардам көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Абсамат кызы Канайымга материалдык жардам көрсөтүү үчүн Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 300 000 (үч жүз миң) сом бөлүндү.

Кыргызстандын 20 жаштагы жараны Канайым Абсамат кызы  зордук көрсөтөөрдө 7 кабаттан кулап кеткен. Жабыркаган кыз Москва шаарындагы С.П.Боткин атындагы  ооруканага оор жаракат менен жаткырылган.

2015-жыл 30-октябрь