Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев КСДП фракциясына парламенттик көпчүлүктүн коалициясын түзүү укугун ыйгарды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-октябрда  Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековду кабыл алып, КСДП фракциясына парламенттик көпчүлүктүн коалициясын түзүү укугун ыйгарды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын парламенттик фракциясына жана Жогорку Кеңештин башка  фракцияларына парламенттик көпчүлүктүн  коалициясын түзүүнүн жүрүшүндө  жана коалициялык макулдашуу түзүүдө  мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын башкы милдети  2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн  Улуттук стратегиясын сөзсүз ишке ашыруу жана өлкөдөгү позитивдүү кайра түзүүлөргө багытталган мамлекеттик саясаттын  мындан ары дагы уланмалуулугун камсыз кылуу экендигин   эске алуу керек деп  сунуштады.

Ошол эле учурда  Кыргызстандын  реалдуу финансылык жана экономикалык көз карандысыздыкка жетишүүгө, жарандардын жашоосун жакшыртууга, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө, мамлекеттик башкаруудагы терс көрүнүштөрдү жоюуга,  башка мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарына кийлигишүүгө,  мыйзам чыгаруу,  аткаруу жана сот  бийликтерин бири бирине карама каршы коюуга жол бербеген мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу системасын калыптандырууга, ошондой эле терроризмге жана экстремизмге каршы күрөштү күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурууга милдеттендирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, жогоруда коюлган милдеттерди ишке ашыруу  үчүн парламенттик көпчүлүктүн коалициянын өзү  түзүп жаткан Өкмөт менен  өкмөттүк мыйзамдарга макулдашылбаган өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, ошондой эле салык жана жыйымдар жөнүндө мыйзамдарга  Өкмөт менен макулдашпай туруп Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген мыйзамдарды, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен кошумча чыгымдарды же мамлекеттик бюджеттин эсебинен жумшалчу чыгымдарды көбөйтүүнү талап кылган башка мыйзамдарды кабыл алууга жол бербеген натыйжалуу жана макулдашылган өз ара аракеттенишүүсү  талап кылынат.

2015-жыл 29-октябрь