Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министринин м.а. Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-октябрда  өлкөнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу кечээ, 2015-жылдын 28-октябрында, БУУ Генералдуу Ассамблеясынын 42-пленардык жыйынынын алкагында өткөрүлгөн шайлоодо Кыргызстан 2016-2018-жылдары  Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча Кеңешинин мүчөсү болуп шайлангандыгын маалымдады.

“Кыргызстан  БУУнун 192 мүчө-мамлекеттеринен арасынан  147 добуш алып, Азия-тынчокеан регионалдык топтогу алдыңкы үч лидердин катарына кирди. Өлкөбүз  кийинки жылдын 1-январынан тартып Кеңештин  мүчөсү катары ишин баштайт”,-деди Эрлан Абдылдаев.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан  адам укуктарын сактоо эң башкы баалуулук катары эсептеген өлкө болуш үчүн, адам укуктарын жана эркиндигин урматтаган укуктук, демократиялуу мамлекетти куруу үчүн  күрөштүн татаал жолун басып өткөндүгүн белгиледи.

Мамлекет башчысынын айтымында Кыргызстан эли үчүн абийир,  ар-намыс жана адилеттүүлүк  ар дайым өзгөчө мааниге ээ болуп келген. Ошондуктан өлкөбүз мындан ары дагы адам укуктарын сактоону камсыз кылууга бардык күч аракетин жумшайт.

Президент Алмазбек Атамбаев  Кыргызстанга ишеним көрсөткөн бардык  өлкөлөргө ыраазычылык билдирди.

2015-жыл 29-октябрь