Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Ош шаарынын күнү менен куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Ош калаасынын тургундарына шаардын күнүнө карата куттуктоо жолдоду.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Бардыгыңыздарды  Ош шаарынын  күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Ош – Кыргызстандагы гана эмес, Борбордук Азиядагы байыркы шаарлардын бири. Быйыл Ош калаасы 3015 жылдыгын белгилеп жатат. Касиеттүү Сулайман тоонун этегиндеги шаар аркылуу Улуу Жибек Жолу өтүп, Батыш менен Чыгышты, Европа  менен Азияны байланыштырып турган.

Эзелтен Ош  кол өнөрчүлөрдүн, соодагерлердин, усталардын жана зергерлердин башын бириктирип, берекенин, молчулуктун  жергеси болуп келген.  Көптөгөн элдин өкүлдөрү байырлап, нечен-нечен кылымдар бою ынтымакта жана биримдикте жашоонун жакшы салттарын калыптандырган.

Эгемендик жылдары Кыргызстаныбыз татаал жол, тайгак кечүүлөрдөн өттү. Өлкөбүздүн тагдырына туш келген сыноолорду Ош шаары дагы баштан кечирди.  Кыргызстандын сабырдуу жана   кеменгер элине  терең таазим! Ниети бузук саясатчы сөрөйлөр элдин ынтымагын ыдыратып, мамлекеттин биримдигине коркунуч келтиргенде жалпы  Кыргызстан эли түп көтөрүлө Ош шаарынын тургундарына жардамга келди. Туруктуулукту  калыбына  келтирип, тынч турмуш жолуна түшүүгө жапа тырмак көмөктөштү. 

Акыркы жылдары Ош шаарынын эмгекчил, мээнеткеч эли эриш-аркак жашап, өнүгүүнүн туруктуу жолуна түштү. Мамлекет тарабынан дагы шаарды өнүктүрүүгө олуттуу каражаттар  бөлүнүүдө. Жаңы конуштар түптөлүп,  мектептер, жолдор, спорттук залдар, спорт аянтчалары курула баштады. Жаңы эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктап, ишке киргизилди.

Биздин максатыбыз – ата-бабаларыбыз кылымдар бою калыптандырган ынтымакты жана биримдикти көздүн карегиндей сактоо.  Пейилибизди оңдоп, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, Ошту кийинки муундар  суктангыдай шаарга  айландыруу.

Байыркы Ош шаарынын келечеги кең. Бирок шаарыбызды өнүктүрүп, көрктөндүрүүнү бийликтен гана күтпөйлү, бул бардыгыбыздын ишибиз. Шаардын ар бир тургуну жашоосун жакшыртууга, айлана-чөйрөсүн көрктүү кылууга өз салымын кошууга тийиш.

Ош калаасынын тургундарына чың ден-соолук, бак-таалай жана  ынтымак каалайм. Байыркы сыймыктуу шаарыбыз мындан ары  дагы гүлдөп, өнүгүп өсө берсин!

Кыргыз Республикасынын

Президенти Алмазбек Атамбаев”

2015-жыл 29-октябрь