Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн,  2015-жылдын 28-октябрында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, жаңы VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иши башталгандыгына, мурдагы чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктары токтотулгандыгына жана тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы”, “Ар-Намыс” жана “Ата Мекен” фракцияларынын ортосундагы 2014-жылдын 31-мартындагы коалициялык макулдашуунун негизинде түзүлгөн “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн” коалициясынын парламенттик көпчүлүк статусун жоготкондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын 65-беренесине, 84-беренесинин 7-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетти деп эсептелсин.

2.Премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министрлер жана  ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышсын.

3. Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

2015-жыл 28-октябрь