Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев адамдардын курмандыгына алып келген жер титирөөгө байланыштуу Пакистандын Президенти Мамнун Хуссейнге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2015-жылдын 27-октябрында,  адамдардын курмандыгына алып келген Пакистандагы жер титирөөгө байланыштуу Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Мамнун Хуссейнге көңүл айтты.

«Кыргыз Республиксынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Пакистанда болгон кыйратуучу жер титирөөнүн натыйжасында көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам”,-деп айтылат  көңүл айтуу телеграммасында.

Мамлекет башчысы каза тапкандардын жакындарына жана туугандарына  көңүл айтып, жапа чеккендердин бардыгы тезирээк сакайып  кетишине  каалоосун билдирди.

2015-жыл 27-октябрь