Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Чүй облусунун Жайыл, Москва, Кемин жана Аламүдүн райондук сотторунун судьяларын дайындоо, жиберүү жана бошотуу жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Судьяларынын тандоо боюнча кеңеш Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге Чүй облусунун Жайыл, Москва жана Кемин райондук сотторунун судьяларынын кызматына дайындоого 16 талапкер жана  Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьяларынын жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьяларынын  кызмат орундарына жаңы 6 талапкер боюнча сунуштарын киргизген.

Мамлекет башчысы 2015-жылдын 21-22-октябрында алардын айрымдары менен аңгемелешүү өткөргөн.

Талапкерлер боюнча мамлекеттик органдардан кошумча түрдө алынган маалыматтарды жана материалдарды, пикирлерди изилдөөнүн негизинде жана алардын ар бири менен аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын эске алып, Мамлекет башчысы сунуш кылынган 10 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди жана 12 талапкер боюнча бул кеңештин сунуштарына макул болду.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын  24-октябрында 3 Жарлыкка кол койду.

Биринчи Жарлык менен конкурс аркылуу тандалган 12 талапкер Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жергиликтүү соттордун судьялыгына дайындалышты: Агышева Наргиза Токтоболотовна, Алымбекова Бактыгул Турсуновна, Асанова Чолпон Карыпбековна, Аттокуров Жолдошбек Абдрахманович, Бокомбаев Аман Мамыркожоевич, Джандралиева Надира Жекшеновна, Джунушалиева Индира Акимджановна, Маматкеримов Урмат Таалайбекович, Марлес Феликс, Сагынбекова Дамира Эсенбековна, Турсунбеков Таалайбек Турсунбекович, Эшалиев Нурманбет Касымбекович.

Экинчи Жарлык менен  дайындалган 12 судья  Чүй облусунун Жайыл(4), Москва(4) жана Кемин(3) райондук жана Чүй облусунун Аламүдүн райондук  сотунун судьяларынын кызматтарына ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

-Чүй облусунун Жайыл райондук сотуна: Асанова Чолпон Карыпбековна, Бокомбаев Аман Мамыркожоевич, Джандралиева Надира Жекшеновна, Турсунбеков Таалайбек Турсунбекович.

- Чүй облусунун Москва райондук сотуна: Алымбекова Бактыгул Турсуновна, Маматкеримов Урмат Таалайбекович, Марлес Феликс, Сагынбекова Дамира Эсенбековна.

- Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна: Аттокуров Жолдошбек Абдрахманович.

- Чүй облусунун Кемин райондук сотуна:  Агышаева Наргиза Токтоболотовна, Джунушалиева Индира Акимджановна, Эшалиев Нурманбет Касымбекович. 

Үчүнчү Жарлык менен Чүй облусунун Жайыл, Москва жана Кемин райондук сотторунун  иштеп жаткан судьяларынын толук курамы кызматтарынан бошотулду.

- Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьялары: Алжанов Абылбек Асанович, Асанова Чолпон Карыпбековна, Бостонов Нурдин Гульжигитович, Самаков Төлөндү Калыгулович, Чырмашев Урмат Дуйшенбаевич.

- Чүй облусунун Москва  райондук сотунун судьялары: Аджибеков Нурлан Нурмамбетович, Марлес Феликс, Сулайманова Айнура Эртабылдиевна.

- Чүй облусунун Кемин райондук сотунун судьясы: Эшалиев Нурманбет Касымбекович.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 27-октябрь