Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2015-жылдын 26-октябрында  Япониянын  Премьер-министри Синдзо Абэнин расмий делегациясынын курамында келип, “Кыргызстан-Япония” инвестициялык форумга катышкан Япониядагы ири корпорациялардын жетекчилери менен жолугушту.

Япониянын бизнес-делегациясынын мүчөлөрүн Президент Алмазбек Атамбаевге Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ тааныштырды.

Тактап айтканда Мамлекет башчысы The Bank of Tokyo-Mitsubishi UFJ, Ltd.  директору Масато Мияти, Mizuho Bank, Ltd. аткаруучу директорунун башкаруучусу Тейдзи Терамото, National Center for Global Health and Medicine директору Тоситака Накамура, MAYEKAWA MFG. CO президенти Ёсиро Танака, IHI STAR Machinery Corporation президенти Минору Аояги, Tokyo Rope Mfg. Co., Ltd. президенти Хироаки Накамура, Asahi Inovex Corporation президенти Кёсукэ Хосино, СOKEY SYSTEMS CO., LTD башкармалыгынын төрагасы Сиро Судзуки, Mitsubishi Corporation аткаруучу вице-президенти Сигеаки Ёсикава, Sojits Corporation төрагасынын орун басары Такаси Хара, JGC Corporation ардактуу төрагасы Ёсихиро Сигэхиса, Chiyoda Corporation аткаруучу корпоративдик кеңешчиси Такаси Кубота, Dai Nippon Construction президента Мицуо Уэсака, президенти Tobishima Corporation Кандзи Ито, Fukuyama transportation Co президенти Сигехиро Комару, Hokkaido Intellect Tank президенти Тикако Игараси, JICA вице-президенти Каэ Янагисава жана Japan External Trade Organization (JETRO) президенти Тецуро Гундзима менен учурашты.

2015-жыл 26-октябрь