Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Япониянын Премьер-министри Синздо Абэнин Кыргызстанга расмий визитинин алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

Бүгүн, 2015-жылдын 26-октябрында, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында кеңири курамдагы жолугушуулардан соң кыргыз-япон эки тараптуу  макулдашууларга кол коюу аземи өткөрүлдү.

Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев менен Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы Биргелешкен Билдирүү кабыл алышты.

Андан тышкары, Кыргызстандын Мамлекет башчысынын жана Япониянын Премьер-министринин катышуусунда төмөндөгү документтерге кол коюлду:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы «Эл аралык маанидеги автомобиль жолдорун жакшыртуу» долбоору боюнча алмашуу ноталары.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын эл аралык кызматташуу  агенттигинин (JICA) ортосундагы «Эл аралык маанидеги автомобиль жолдорун жакшыртуу» долбоору боюнча  гранттык келишим.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы «Манас» Эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу» долбоору боюнча  алмашуу ноталары. 

4 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын эл аралык кызматташуу  агенттигинин (JICA) ортосундагы  «Манас» Эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу» долбоору боюнча  гранттык келишим.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосунда  чакан жана орто бизнестин товарларын берүү жөнүндө Япониянын Өкмөтүнүн долбоордон тышкаркы гранттык жардамы боюнча  алмашуу ноталары.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы  менен Япониянын Коомдук коопсуздук боюнча  улуттук комиссиясына караштуу финансылык чалгындоо борборунун ортосундагы   кылмыш жолу менен алынган кирешелерди алалдоого жана терроризмди финансылоого байланыштуу маалыматтар менен алмашуу боюнча кызматташуу жөнүндө  билдирүү.

7. “Айыл Банк”  менен япониялык IHI Star корпорациясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум

8. Кыргыз Республикасынын  Айыл чарба министрлиги менен япониялык IHI Star корпорациясынын ортосундагы меморандум

2015-жыл 26-октябрь