Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев жана Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ пресса үчүн билдирүү жасашты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ бүгүн, 26-октябрда сүйлөшүүлөр аяктаган соң пресса үчүн билдирүү жасашты.

Президент Алмазбек Атамбаев Премьер-министр Синдзо Абэнин расмий визити кыргыз-япон мамилелеринин тарыхында Япониянын Өкмөт башчысынын Кыргызстанга болгон биринчи визити катары калат деп белгиледи.

«Бүгүн эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча конструктивдүү диалог болду. Ишенимге жана эки тарапка тең пайдалуу кызматташууга негизделген кыргыз-япон мамилелерин мындан ары улантуу жана тереңдетүү боюнча бирдей пикирге келүү биздин тар чөйрөдөгү жана кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрүбүздүн негизги жыйынтыгы болуп калды. Бүгүнкү күндө биздин ортобузда кыргыз-япон мамилелеринин ырааттуу өнүгүүсүнө тоскоол боло тургандай олуттуу пикир келишпестиктер жана чечилбеген маселелер жок», - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Япониянын Кыргызстанга жол инфраструктурасын оңдоо үчүн көрсөтүп жаткан жардамын белгиледи. «Жолдор, көпүрөлөр курулуп, аэропорт реконструкцияланды», - деп, Алмазбек Атамбаев япон тарапка йен зайымдарын кайра жаңылантканына ыраазычылыгын билдирди.

Президент белгилегендей, учурда «Ош-Баткен-Исфана» унаа жолунун айрым участокторун оңдоо иштери активдүү жүрүүдө. Андан тышкары, Мамлекет башчысы айткандай, экономикалык тармакта ишти улантуу макулдашылды. «Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирлигине кошулуусу менен өлкө үчүн кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү жаралууда. Ошондон улам, биз япон ишкерлерин эки тарапка тең пайдалуу долбоорлорду иштетүү үчүн Кыргызстанга чакырабыз», - деди Алмазбек Атамбаев. 

Президент Алмазбек Атамбаев Япония Кыргызстан алгачкылардан болуп дипломатиялык мамиле түзгөн мамлекеттердин бири экендигин эске салды, дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 26-январында түзүлгөн. «Ошондон бери Кыргызстанга «Өнүгүүгө расмий жардам» Программасынын алкагында көптөгөн гранттык, насыялык жардам жана техникалык көмөк көрсөтүлүп келүүдө, ошондой эле Япониянын эл аралык кызматташуу  агенттигинин  (JICA) алкагында натыйжалуу иш жүргүзүлүүдө», - деди Алмазбек Атамбаев. 

Мамлекет башчысы кыргызстандык кадрларды даярдоо багытындагы кыргыз-япон кызматташтыгына да токтолду. «Япония Кыргызстандын жаш адистерин окутууга даяр. Бул биздин жарандык коомубузду өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн баа жеткис колдоо. Биз кыргыз-япон адамды өнүктүрүү борборунун  ишмердүүлүгүн жогору баалайбыз», - деп баса белгиледи Президент. 

Президент Алмазбек Атамбаев маданий-гуманитардык байланыштар ошондой эле ыктыярдуу кызматташуунун Япония корпусунун волонтерлорунун да ишмердүүлүгүнө таянаарын белгиледи. «Япониядан келген волонтерлор алыскы шарты катаал аймактарда иштөөнү тандап, кыргыз тилин мыкты өздөштүрүп, кыргыз элинин каада-салтын билип, достук мамилелерди түзүп жаткандыгы кубандырат, айрымдары үй-бүлө да куруп жатышат. Бул көрүнүш эки элдин достугун бекемдөөгө чоң салым кошот», - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы  кошумчалагандай, кол коюлган Тилектештик жана өнөктөштүк жөнүндө  биргелешкен билдирүүдө  Кыргызстан  менен Япония  адам укуктары, сөз эркиндиги, демократия жана мыйзамдын артыкчылыгы өңдүү фундаменталдуу дөөлөттөрдү  урматтаган өнөктөштөр болуп саналат. “Япония  демократиялык институттарды чыңдоо ишинде, биринчи кезекте  башкаруунун парламенттик формасын өнүктүрүү тармагында биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Парламенттик өлкөнүн зор тажрыйбасына ээ болгон Япониядан биз үйрөнө турган жагдайлар бар”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев Премьер-министр Синдзо Абэге  жана Япониянын делегация мүчөлөрүнө өлкөбүзгө көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. “Япониянын Премьер-министринин бул сапары урунттуу болуп, Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы мамилелер өнүгүүнүн мындан дагы бийик деңгээлине  көтөрүлөт деп ишенем”,-деп  Мамлекет башчысы сөзүн жыйынтыктады.

Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ  өз кезегинде  Япония  Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берээрин белгиледи. “Биз демократиянын жалпы  баалуулуктарын тең бөлүшөбүз. Мындан эки жыл мурда Президент Алмазбек Атамбаевдин Японияга жасаган сапарынан кийин  биздин мамилелерибиз  сезилерлик активдешти”,-деди Синдзо Абэ.

Япониянын Премьер-министри белгилегендей, түзүлгөн  тенденцияларды алдыга жылдырууга өбөлгө  түзүш үчүн Президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда  үч багыт белгиленди. “Биз жол жана  башка инфраструктуралык  обьектилерди жөнгө салууга  көмөктөшөбүз. Ошондой эле эл аралык автомагистралдарды реконструкциялоо долбоору боюнча  нота алмаштык. Сиздердин  өнөр жай үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоодо техникалык билим берүүнүн япондук тибин активдүү  пайдаланабыз”,-деди ал.

Синдзо Абэ  Япониянын делегациясынын курамында япониялык алдыңкы компаниялардын жетекчилери киргендигин  эске салды. “Мамилелерибиз мындан ары дагы өнүгө берээрине ишенем”,-деди ал.

Япониянын Премьер-министри гуманитардык жана маданий байланыштарды өнүктүрүү  аркылуу өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүү үчүн Кыргызстанда япон тилин үйрөтүү, япониялык таймаш искусствосу жана спорттун бөлөк түрлөрү  чөйрөсүндө өз ара алмашуу активдештирилет деп  белгиледи. ”Үчүнчүдөн, биз «Борбордук Азия + Япония» диалогунун алкагында  Борбордук Азиядагы регионалдык проблемаларды чечүүдө тилектештикти чыңдайбыз. Бүгүн айыл чарбасындагы мал чарбачылыгы боюнча адистерди жана тамак- аш өнөр жайына окутуу программалары, ошондой эле  япондук айыл чарба техникаларын жеткирүү боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатат”,-деди Синдзо Абэ. Сөзүнүн соңунда  Премьер-министр Синдзо Абэ кыргыз-япондук эки тараптуу мамилелер мындан ары дагы өнүгөөрүнө ишенимин билдирди.

 

 

2015-жыл 26-октябрь