Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: «Кыргызстан Япония менен мамилелерге жана эки тараптуу мамилелердин тарыхында Япониянын Премьер-министринин алгачкы сапарына олуттуу маани берет”

Бүгүн, 26-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин өлкөгө расмий визит менен келген Япониянын Премьер-министри Синздо Абэ менен кеңири курамда сүйлөшүүлөрү өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы Япониянын Премьер-министрин  жана расмий делегация мүчөлөрүн жылуу кабыл алып, Кыргызстан Япония менен мамилелерге жана эки тараптуу мамилелердин тарыхында Япониянын Премьер-министринин алгачкы сапарына олуттуу маани берээрин белгиледи. “Мен бүгүнкү жолугушууга жана  Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу мүмкүнчүлүгүнө кубанычтуумун”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы  Кыргызстан менен Япония мыйзамдын артыкчылыгын, адам укуктарын жана  коомдун демократиялык өнүгүүсүн сактоо принциптеринен тайбастыгын белгиледи. ”Биздин өлкөлөрдө мамлекеттик башкарууда парламенттер негизги ролду ойнойт. Мындай үндөштүктөр эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн бекем фундаменти боло алат. Ушул айдын башталышында  Кыргызстанда  жаңы технологияларды жана жарандардын биометрикалык маалыматтарын пайдалануу  менен парламенттик шайлоолор өткөрүлдү. Жаңы технология шайлоону ачык жана калыс өткөрүүгө мүмкүнкчүлүк берди”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Жагдайдан падаланып, Мамлекет башчысы шайлоочуларды идентификациялоо процессин автоматташтыруу боюнча жабдуу сатып алууга гранттык жардам көрсөткөндүгү үчүн Японияга ыраазычылык билдирди. “Кыргызстанда демократияны өнүктүрүүгө кошкон салымыңыздар үчүн ыраазыбыз”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Президент  социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча Япония Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү экендигин белгиледи. “Япониянын жардамы мүнөзү боюнча максаттуу келип, конкреттүү милдеттерди чечүүгө көмөктөшөт. Бул жагынан кыргыз тарап туруктуу негизде  көрсөткөн гранттык жана кредиттик жардамы, техникалык  көмөктөшүүсү үчүн  Япониянын эл аралык кызматташуу  агенттигине терең ыраазычылыгын билдирет”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Президент  ошондой эле  социалдык-экономикалык мүнөздөгү долбоорлорду ишке ашырууга багытталган жана Кыргызстандын  экономикасын өнүктүрүүдө зор мааниге ээ болгон йендик займдар программасын кайрадан жандандыргандыгы үчүн Премьер-министрге жеке ыраазычылык билдирди.

“Бүгүн Премьер-министр Синдзо Абэ мырзаны коштоп Кыргызстанга  япониялык ири компаниялардын  өкүлдөрү кошо келгендиги абдан кубандырат. Бүгүнкү инвестициялык форумдун алкагында  тараптар түз байланышты орнотуп, мындан аркы өз ара кызматташуунун конкреттүү багыттарын аныктап алат деп ишенем”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы быйыл Кыргызстан  Евразиялык экономикалык бирликке кошулгандыгын белгиледи. Ушунун контекстте эки өлкөнүн ортосунда кызматташуунун жаңы перспективалары жана япониялык инвестиция үчүн  жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат.

 “Кыргызстан – бизнеске карата салык режими кыйла либералдуу мамлекет. Буга кошумча катары    аймактагы өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда электр энергиясынын тарифи эң төмөн. Мындан тышкары  Кыргызстанда  капиталдын жана акча каражаттарынын тоскоолдуксуз жылышына шарт түзгөн кыйла либералдуу валюталык режим  орнотулган”,- деп, Алмазбек Атамбаев япониялык бизнесмендерди жана инвесторлорду  келечекте Евразиялык экономикалык бирликтин рыногуна чыгыш үчүн Кыргызстандын аймагында активдүү ишмердикке жана өндүрүштү жөнгө салууга  чакырды.

Мамлекет башчысы Япония  Кыргызстанга  жол инфраструктурасын жакшыртуу багытында  олуттуу жардам берип жаткандыгын белгиледи. Гранттык жана кредиттик каражаттарга өлкөбүздө  жолдор, көпүрөлөр курулуп, аэропорт реконструкцияланып жатат. ”Йендик займдар кайра жандандырылганынан улам  учурда «Ош-Баткен-Исфана» автожолунун айрым участокторун реабилитациялоо долбоору боюнча активдүү иш жүргүзүлүүдө. Бүгүн ошол долбоор боюнча тиешелүү документтерге кол коюлаарына  мен кубанып турам. Мындан тышкары  “Эл аралык “Манас” аэропортунун жабдуусун жакшыртуу” долбоору боюнча гранттык макулдашууга кол коюлат”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы кыргыз тарап  өкмөттүк стипендияларды  берүү  программасынын (JDS)     алкагында кыргызстандык кадрларды даярдоого көмөк көрсөткөндүгү үчүн Японияга ыраазы экендигин баса белгиледи. “Биз кыргыз-япон адамды өнүктүрүү борборунун ишмердигин жогору баалайбыз жана  өлкөбүздө өзүнүн жаратмандык ишмердигин улантат деп ишенебиз. Көп кылымдар бою япон эли топтогон билимди, тажрыйбаны  жана мурасты   бизге жеткирүү боюнча өз милдетин акысыз аткарып жаткан  ыктыярдуу кызматташуунун Япония корпусунун воленторлорунун салымын дагы баса белгилеп койгум келет. Япондуктар тез эле кыргызча сүйлөгөндү үйрөнүп кеткени кубандырат”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Президент  Улуу Жибек жолундагы эстеликтерди сактоо боюнча Япониянын максаттуу фонду ЮНЕСКО менен биргелешкен долбоордун алкагында  Кыргызстандын территориясында  жайгашкан  маданий мурастын тарыхый обьектилерин  сактап калууга көмөктөшкөндүгү үчүн да ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында  Кыргызстан “Борбордук Азия+Япония” диалогунун  багыты боюнча кызматташууну чыңдоого кызыкдар. “Өткөн жылы  Бишкекте  Диалогдун катышуучу-мамлекттеринин тышкы иштер министрлеринин 5-кеңешмеси өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө  10 жылдык иштин жыйынтыктары чыгарылды жана Диалогдун алкагында алдыдагы 10 жылга пландар белгиленди. Биз ушул форматта дагы өз ара аракеттенишүүнү бекемдөөнү колдойбуз”, -деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы  Кыргызстан менен Япония  БУУнун, ошондой эле  башка эл аралык уюмдардын  алкагында конструктивдүү кызматташып, бири биринин  демилгелерин колдоого алып жаткандыгын белгиледи.

Сөзүнүн соңунда  Президент Алмазбек Атамбаев  сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө  мазмундуу пикир алмашып,  кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча позицияларды ырастап алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүн белгиледи. “Сүйлөшүүлөрүбүз жана жетишкен макулдашууларабыз  мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө жана сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүүгө бекем негиз болот деген терең ишенимимди билдиргим келет”,-деди Мамлекет башчысы.

Өз кезегинде Япониянын Премьер-министри Синздо Абэ жылуу кабыл алгандыгы үчүн Мамлекет башчысына  ыраазычылык билдирип, Премьер-министр катары Кыргызстанга биринчи жолу келгендигин, Президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушканга кубанычта экендигин белгиледи. “Кыргызстан   демократиянын негизинде мамлекеттик курулушту ырааттуулук менен алга жылдырып, эгемендикке жетишкен жылдардан бери бардык кыйынчылыктарды жеңип келе  жатат. Япония мындан ары дагы Кыргызстанга колдоо көрсөтө берет деп ишендирип кетем”,-деди Синдзо Абэ.

Япониянын Премьер-министри Синздо Абэ сапарын япон тараптын олуттуу  бизнес өкүүлүдөрү коштоп жүргөндүгүн белгиледи. Кыргызстанга жасаган сапары  бардык тармактарда эки тараптуу мамилелерге жаңы дем берип, жаңы бийик деңгээлге көтөрөөрүнө ишенимин билдирди.

Синдзо Абэ Япония  транспорт жана инфраструктура тармагында, автожолдорду жана аэропортторду курууда, ошондой эле кадрларды даярдоодо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүүгө олуттуу маани берээрин белгиледи.

Премьер-министр Синдзо Абэ  Кыргызстанга жасаган алгачкы сапары кыргыз-япониялык өз ара аракеттенишүүнүн бардык тармактарында эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө багытталгандыгын баса белгиледи.

 

2015-жыл 26-октябрь