Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-октябрда  “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өлкөгө расмий визит менен келген Япониянын Премьер-министри  Синдзо Абэ менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-япон кызматташуусунун соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусунун  маселелери талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев  мартабалуу мейманды жылуу кабыл алып, Япониянын Премьер-министри болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы Премьер-министр Синдзо Абэнин сапары кыргыз-япон мамилелерин өнүктүрүүгө  түрткү берээрине ишенимин билдирди. “Жакында  кыргыз басма сөзүнө берген интервьюнуңузда Кыргызстанга жасаган сапарыңыз  эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерде бурулуш жасап, урунттуу болооруна ишеним билдирдиңиз эле. Биз дагы ошого үмүт кылып турабыз”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Президент эки жыл мурда Японияда расмий визит менен болгонун эске салып, жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. “Ошол сапардан мен сакуранын көчөтүн алып келип, Бишкектин түштүк бөлүгүнө олтургузгам. Сакуранын көчөттөрү тамыр алып калды. Бул жакшы жышаан,  келечекте өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелер дагы  өнүгө берет  деп ойлойм”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Премьер-министр Синдзо Абэ  Мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. “Премьер-министр катары Кыргызстанга биринчи жолу келгениме мен абдан кубанычтуумун”,-деди Синдзо Абэ.

Япониянын Премьер-министри Президент Алмазбек Атамбаевди Кыргыз Республикасынын парламентине шайлоолордун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. “Биз  Кыргызстанда парламенттик шайлоолорду өткөрүүнүн деңгээлин жогору баалайбыз”,-деп белгиледи Синдзо Абэ.

Япониянын Өкмөт башчысы  япон тарап  Кыргызстанга тиешелүү жабдуу бергендигин, ошондой эле  добуш берүүнүн жүрүшүнө япониялык байкоочулар көз салгандыгын эске салды. “Кыргызстандагы   демократиялык процесстердин өнүгүшүнө Япония салым кошкондугуна сыймыктанам”,-деди Премьер-министр.

Синдзо Абэ  Япониянын Кыргызстанга келген  делегациясынын курамында бизнес өкүлдөрү дагы бар экендигин кошумчалады. “Бүгүнкү күндө кыргыз-япон кызматташуусунун алкагында  алгачкы жыйынтыктар бар. Бирок биз  сапардын жыйынтыгы боюнча конкреттүү долбоорлор пайда болуп, Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташуу  мындан дагы жогорку деңгээлге көтөрүлөт деп болжолдоп жатабыз”,-деп сөзүн жыйынтыктады Япониянын Премьер-министри.

Андан соң жолугушуу кеңейтилген  форматта өткөрүлдү

2015-жыл 26-октябрь