Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Террорго каршы операциянын жүрүшүндө кызматтык милдетин аткарууда курман болгон Ички иштер министрлигинин “Барс” атайын ыкчам жооп кайтаруу отрядынын кызматкери Төлөбек Исмаиловдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, 2015-жылдын 22-октябрында Бишкек шаарында өткөрүлгөн террорго каршы операциянын жүрүшүндө кызматтык милдетин аткарууда курман болгон Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Барс” атайын ыкчам жооп кайтаруу отрядынын кызматкери Исмаилов Төлөбек Эсенбековичтин  үй-бүлөсүнө Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан  1 000 000 (бир миллион) сом  бөлүндү.

2015-жыл 26-октябрь