Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Террорго каршы операциянын жүрүшүндө курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, 2015-жылдын 22-октябрында Бишкек шаарында өткөрүлгөн террорго каршы операциянын жүрүшүндө курман болгон Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Терек айылында туулган Батыш Койчуманованын жана Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылында туулган Медет Какеевдин үй-бүлөлөрүнө Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан  300 000 сомдон  бөлүндү.

2015-жыл 26-октябрь