Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев финансы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-октябрда өлкөнүн финансы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына  үстүбүздөгү жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышынын жүрүшү, 2016-жылга карата башкы финансылык документти калыптандыруунун ыкмалары, ошондой эле  жүргүзүлүп жаткан бюджеттик саясаттын артыкчылыктары тууралуу маалымат берилди.

Финансы министри ошону менен бирге бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу  боюнча  пландары, мамлекеттик казнаны чыгымдоонун негизги приоритеттери жана  мамлекеттин чыгым боюнча бардык милдеттенмелерин тийиштүү деңгээлде финансылык жактан туруктуу  камсыз кылуу тууралуу  айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев республикалык бюджеттин так аткарылышынын, анын балансын сактоонун, бардык социалдык милдеттенмелерди стабилдүү  жана өз учурунда аткаруунун маанисин баса белгиледи.

2015-жыл 24-октябрь