Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Дипломатиялык кызматынын кызматкеринин күнү менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: 

“Урматтуу Кыргыз Республикасынын Дипломатиялык кызматынын ардагерлери жана кызматкерлери!

Бардыгыңыздарда кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Дипломатиялык кызматынын кызматкеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Бул майрам мындан 17 жыл мурда  түптөлгөнү менен кыргыз дипломатиясынын тарыхы кылымдарды карыткан.  Мекенге кызмат кылуунун байыркы салттарына таянып, сиздер  Кыргызстандын кызыкчылыктарын эл аралык аренада бекем туруп жана ырааттуулук  менен коргоп, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди чечип, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү  үчүн ыңгайлуу тышкы шарттарды түзүп келесиздер.

Биз бүгүн көз карандысыз тышкы саясатты түптөп, Кыргыз Республикасынын дипломатиясынын тарыхында жаңы барак ачып жатабыз. Чет элдик өнөктөштөр менен биз мурда болуп көрбөгөндөй тең ата катары  диалог жүргүзө баштадык. Өлкөбүздүн улуттук кызыкчылыктарын коргоону эң башкы максат деп эсептейбиз.

Коңшу мамлекеттер жана Евразия  мейкиндигиндеги салттуу регионалдык өнөктөштөрүбүз менен көп пландуу кызматташууну өнүктүрүү  Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын маанилүү приоритети  болуп келген жана болуп кала берет. Алыскы чет мамлекеттер менен өз ара алакада өлкөбүздүн кызыкчылыктарын ырааттуулук менен илгерилетип жатабыз. Кыргызстандын тышкы саясатынын кулачы кеңейүүдө. Алдыңкы араб жана Европа мамлекеттерине  жасаган маанилүү сапарлардан жыйынтыгы менен араб жана Европа багытында чечкиндүү кадамдарды жасадык. Кыргызстанга айрым ири мамлекеттердин лидерлеринин ийгиликтүү сапарлары Кыргызстандын   имиджин бекемдөөгө жакшы өбөлгө түздү. Алдыңкы эл аралык уюмдардын жана регионалдык бирикмелердин алкактарында  ар тараптуу өз ара кызматташуу улантылып жатат.

Эл аралык кырдаал татаалдашып, тез алмашып жаткан шарттарда биздин дипломатиялык кызматтарыбыз мындан дагы жигердүү жана максаттуу аракеттенүүгө тийиш деп эсептейм. Ар бириңиздердин алдыңыздарда  тышкы саясатта мамлекеттик багытты өз учурунда, натыйжалуу жана так ишке ашыруу боюнча стратегиялык милдеттер турат. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинде  жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде Кыргыз Республикасынын төрагалык кылуу мезгилинде сиздердин жооптуу ишиңиздер өзгөчө мааниге ээ болот. 2016-жылы эл аралык эки ири иш чараны жогорку деңгээлде өткөрүү жана тышкы саясатта башталган багытты татыктуу улантуу тышкы иштер министрлигинен уюшкандыкты жана республикабыздын бардык мамлекеттик органдарынын ишмердигин так координациялоону талап  кылат.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери жана ага караштуу уюмдар, чет элдеги мекемелер алдыга коюлган милдеттерин ийгиликтүү аткарат деп ишенем.

Урматтуу дипломаттар, бардыгыңыздарга чың ден-соолук, бак-таалай, күч-кубат жана Кыргыстандын жаркын келечеги үчүн жаңы  жетишкендиктерди каалайм.

Кыргыз Республикасынын

Президенти     Алмазбек  Атамбаев».

2015-жыл 23-октябрь