Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, үч эм балдардын энеси Казиева Жылдыз Тилековнага турак жай сатып алуу үчүн Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом бөлүндү.
Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына үч эм баланын энесине турак жай сатып берүүгө көмөктөшүүгө тапшырма берди.
28 жаштагы Жылдыз Казиева 2015-жылдын 9-октябрында үч эм төрөгөн. Экинчи топтогу майып. Күйөөсү жана 2,5 жаштагы уулу үчөө Токмок шаарында башка адамдар менен чогуу бир ижарада жашайт.