Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Мелис Турганбаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-октябрда, өлкөнүн ички иштер министри Мелис Турганбаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына өлкөдөгү коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, укук тартибин сактоо  жана  кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берилди.

Мелис Турганбаев СИЗО-50дөн качып чыккан кылмышкерлерди издөө жана кармоо багытында  көрүлүп жаткан аракеттер туурасында маалымат берди. Министрдин айтымында,  учурда ички иштердин бардык ыкчам аракеттенүү бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.

Президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министрлигин СИЗО-50дөн качып, эркиндикте жүргөн кылмышкерлерди тез арада  кармоо үчүн бардык күч аракетти жумшоого милдеттендирди.

 Мамлекет башчысы ички иштер министрине ошондой эле өлкөдө коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылууга байланыштуу бир катар тапшырмаларды берди.

2015-жыл 19-октябрь