Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Евразиялык Жогорку Экономикалык Кеңешинин катышуучу-мамлекет башчыларынын тар чөйрөдөгү жыйынына катышып жатат

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-октябрда, Казакстан Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында  Бурабай поселогунда өтүп жаткан Евразиялык Жогорку Экономикалык Кеңешине мүчө мамлекет башчыларынын тар чөйрөдөгү жыйынына катышып жатат.

Биргелешип сүрөткө түшүү аземинен кийин Мамлекет башчылары Евразиялык Жогорку Экономикалык Кеңешинин катышуучу-мамлекет башчыларынын  тар чөйрөдөгү жыйынына катышуу үчүн залга бет алышты.

Тар чөйрөдө жолугушуу аяктагандан кийин Евразиялык Жогорку Экономикалык Кеңешине мүчө мамлекет башчыларынын жыйыны кеңири курамда  уланат.

2015-жыл 16-октябрь