Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин кеңири курамдагы жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-октябрда Казакстан Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында  Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин кеңири курамдагы жыйынына катышты. Жыйын Бурабай поселогунда өткөрүлдү. 

Мамлекет башчылары  БУУ түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына байланыштуу билдирүү, ошондой эле Чернобыль АЭСиндеги авариянын 30 жылдыгы боюнча кайрылуу кабыл алышты. Мындан тышкары Мамлекет башчыларынын кароосуна коюлган бир катар эл аралык документтерге кол коюлду.

Жыйындын жүрүшүндө Мамлекет башчылары  2016-жылы КМШга Кыргыз Республикасынын төрагалык кылуусу жөнүндө чечим кабыл алышты, ошону менен бирге КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин кийинки жыйынын 2016-жылдын 16-сентябрында өткөрүү тууралуу Президент Алмазбек Атамбаевдин сунушун колдоого алышты.

Ушуну менен КМШнын катышуучу-мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өз ишин аяктады.

2015-жыл 16-октябрь