Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Евразиялык экономикалык комиссиянын мүчөлөрүн Президенттик белек сааттар менен сыйлады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 15-октябрында Казакстан Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Бурабай  поселогунда евразиялык интеграциялык процессинде Кыргызстандын кызыкчылыктарын  илгерилетүүгө кошкон  жеке  салымы  үчүн Евразиялык экономикалык комиссиянын мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын Президентинин белек сааттары менен сыйлады.

Мамлекет башчысы Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовага, ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча Коллегия мүчөсү(министр) Валерий Корешковго, ЕЭКтин соода боюнча Коллегия мүчөсү(министр)  Андрей Слепневго жана ЕЭКтин экономика жана финансылык саясат боюнча Коллегия мүчөсү(министр)  Тимур Сулейменовго белек сааттарды тапшырды.

Президент Алмазбек Атамбаев сыйлык ээлерине өндүрүмдүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, евразиялык интеграция процессинин бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарын көздөп, мындан ары да кызматташабыз деген ишенимин билдирди.

Мындан тышкары, Президент Алмазбек Атамбаевдин ушул эле буйругу менен ЕЭКтин бажы кызматташуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Владимир Гошин, ЕЭКтин бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Виталий Гудин, ЕЭКтин бажы инфраструктурасынын директору Владимир Скиба, ЕЭКтин финансылык саясат департаментинин директору  Бемба Хулхачиев Президенттин белек сааттары менен сыйланды.

2015-жыл 16-октябрь