Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2015-жылдын 15-октябрында, Казакстан Республикасына иш сапар менен келди.
Иш сапардын алкагында 2015-жылдын 16-октябрында Президент Алмазбек Атамбаев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Евразиялык Жогорку Экономикалык кеңешинин кезектеги жыйындарына катышат. Жыйындар Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда өтөт.