Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-октябрда өлкөнүн Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына Куралдуу күчтөрдү реформалоонун жүрүшү, ошондой эле өлкөнүн укук коргоо системасын реформалоонун концепциясын иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу  маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев Куралдуу күчтөрдү реформалоо жана укук коргоо системасын реформалоонун концепциясын иштеп чыгуу маселелерин Коргоо кеңешинин кийинки жыйынында  талкуулоо зарыл экендигин белгиледи.

Мамлекет башчысы Куралдуу күчтөрдү мындан ары бекемдөө жана өлкөдө иштиктүү укук коргоо системасын түзүү боюнча иштердин маанисин баса белгиледи.

2015-жыл 15-октябрь