Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев бир катар чет мамлекеттердин Элчилеринен Ишеним грамоталарды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-октябрда, Америка Кошмо Штаттарынын, Украинанын, Германия Федеративдүү Республикасынын, Египет Араб Республикасынын, Литва Республикасынын жана Чили Республикасынын Элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алды.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы дипломатиялык миссиялардын башчыларын Кыргызстанда  ишмердигинин  расмий башталышы менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы  мамилелер Элчилердин ишмердигине жараша болоорун белгиледи. “Сиздерге жооптуу милдет – Кыргызстанда өлкөңүздөрдүн өкүлү болуу, эки тараптуу мамилелерге  жана бардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташууга өбөлгө түзүү милдети жүктөлгөн”,-деди Президент.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан  Элчилер өкүлү болгон өлкөлөр менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди мындан ары активдештирүүгө жана жакшы иштешүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи.

АКШ менен кызматташуу туурасында кеп кылып келип, Президент  Кыргызстан  Америка Кошмо Штаттары менен өз ара ишенимге, теңдикке жана бири биринин кызыкчылыктарын урматтоо принциптеринин негизинде достук мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берээрин баса белгиледи. ”Сиздин Элчи болуп дайындалышыңыз эки мамлекеттин  ортосундагы диалогду өнүктүрүүгө жаңы дем берип, эки тараптуу өнөктөштүктү чыңдайт деп үмүттөнөм”,-деди Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы АКШнын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шейле Гуолтниге кайрылып.

Украинанын Элчисине кайрылып, Мамлекет башчысы  Кыргызстан мындан ары да Украина менен жемиштүү жана конструктивдүү мамилелерди ырааттуу улантууга даяр экендигин белгиледи. ”Украинадагы окуялардын жүрүшү бизди кабатыр кылып турат. Биз Украинадагы ички саясый жана экономикалык кырдаалга көз салып, украина коомунда ишеним жана өз ара түшүнүшүү тезирээк калыбына келет деп үмүттөбүз. Биз Украина жергесине тынчтык, бейпилдик жана гүлдөп өнүгүү келишин каалайбыз”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Президент  Кыргызстан  Евросоюздун лидерлеринин бири – Германия менен салтка айланган достук жана тарыхый тыгыз өнөктөштүк мамилени жогору бааларын белгиледи. ”Үстүбүздөгү жылдын апрелинде Германия жетекчилиги менен жетишилген макулдашуулар эки тараптуу мамилени экономиканын жана саясаттын бардык чөйрөсүндө активдештирүүгө жакшы негиз болуп берет деп ишенем”,-деди Президент.

Египеттин Элчисине кайрылып, Мамлекет башчысы Кыргызстан Египет Араб Республикасы менен эзелки достук мамилелерди жогору баалайт жана эки тараптуу байланыштарды мындан ары чыңдоону колдооорун белгиледи.”Биз кыйын мезгилдерди баштан кечирип жаткан Египет элине  гүлдөп өнүгүү, өз ара түшүнүшүү жана ишеним каалайбыз”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Литва менен кызматташууга токтолуп, Президент Алмазбек Атамбаев   Кыргызстан  Литва Республикасы менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи. ”Биз  парламенттик өлкө куруп жатабыз, ачык шайлоо өткөрдүк. Бул жагынан бизди бириктирген   көп нерсе бар, ошондуктан Латвия менен мамилебиз тереңдей берет деп ойлойбуз”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргызстан  Кыргызстанда Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисин аккредитациялоо тууралуу Чили тараптын чечимин жогору баалайт. “Кыргызстан менен Чилинин ортосундагы  мамилелер конкреттүү иштер менен бекемделет деп ишенем”,-деп кошумчалады Алмазбек Атамбаев.

Салтанаттуу аземдин соңунда Президент  Кыргызстан  Элчилер өкүлү болгон ар бир мамлекет менен жакшы мамилелерди жогору баалаарын баса белгиледи. “Сиздердин дипломатиялык миссияңыздар эки тараптуу кызматташууну жакшыртууга жана өнүгүүнүн жаңы этабына өтүүгө өбөлгө болот деп ишенем”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы  Элчилер Кыргызстандагы  өз ишмердигинде Президенттин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин колдоосуна ээ болот деп кошумчалады. “Биз дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен жакшы жана достук мамилелерди  түзгүбүз келет”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев дипломатиялык миссиялардын башчыларына ден-соолук жана жооптуу иштерине ийгилик каалады.

Маалымдама:

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге төмөнкү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчыларынан  Ишеним грамоталары тапшырылды:

  1. Америка Кошмо Штаттарынын  Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шейла Гуолтни (резиденциясы Бишкек шаарында);
  2. Украинанын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Дорошенко (резиденциясы Бишкек шаарында);
  3. Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Петер Шольц (резиденциясы Бишкек шаарында);
  4. Египет Араб Республикасынын  Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хайсем Салек Ибрахим (резиденциясы Астана шаарында);
  5. Литва Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Витаутас Наудужас (резиденциясы Астана шаарында);
  6. Чили Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хуан Эдуардо Эгигурен (резиденциясы Москва шаарында).
2015-жыл 14-октябрь