Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондунун төрайымы Нурсулу Ахметованы кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-октябрда, Кыргыз-россиялык өнкүтүрүү фондунун төрайымы Нурсулу Ахметованы   кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына  өлкөнүн чакан жана орто бизнесиндеги, биринчи кезекте агроөнөр жай  комплекси, кийим тигүү, текстиль жана кайра иштетүү өнөр жай тармагындагы  долбоорлорду финансылоонун жүрүшү тууралуу маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн ишкерлерине, фермерлерине жана кайра иштетүүчүлөргө “арзан” финансылык ресурстар реалдуу, жеткиликтүү болушун  камсыз кылуу зарылчылыгын белгиледи. Мына ушундай шартта өлкөбүздүн Евразиялык экономикалык бирликке катышуусунун алкагында  Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, экономикасынын өсүшүнө өбөлгө болот.

Мамлекет башчысы ошону менен бирге   бюджеттик чөйрөдөгү мамлекеттик кызматкерлерди жана аскер кызматкерлерин  жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу үчүн жеңилдетилген ипотекалык кредиттерди берүү программасын ишке ашырууга байланыштуу маселелерди чечүүнүн маанисин баса белгиледи.

Мына ушуга байланыштуу Президент Алмазбек Атамбаев менен Кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондунун төрайымы Нурсулу Ахметова  өлкөбүздүн жарандарына узак мөөнөттүү жеңилдетилген ипотека берүү максатында  мамлекеттик ипотекалык программанын механизмдерин   түзүү жана андан соң ишке киргизүү маселелерин талкуулашты.

2015-жыл 12-октябрь