Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2015-жылдын 9-октябрында, өлкөбүздүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына Кыргыз Республикасынын делегациясынын БУУ Генералдык Ассамблеясынын 70-юбилейлик сессиясына катышуусунун жыйынтыктары, ошондой эле башка делегация башчылары менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр, эл аралык  ири иш чаранын жүрүшүндө жалпы дебаттарга жана конференцияларга катышуусу тууралуу маалымат берилди.

Тышкы иштер министри  ошону менен бирге  Кыргызстанда ачык жана демократиянын принциптерине негизделип өткөрүлгөн Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоолорго карата эл аралык коомчулуктун жакшы пикирлери жөнүндө кабарлады.

Президент Алмазбек Атамбаев Тышкы иштер министрлигине  биринчи кезекте улуттук кызыкчылыктарды  эске алуу менен тышкы саясат боюнча ишмердүүлүктү мындан ары дагы активдүү жүргүзүүгө тиешелүү бир катар тапшырмаларды берди.

 

 
2015-жыл 9-октябрь