Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Россия Федерациясынын Президенти Владимир  Путинди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммада  Россиянын ыкчам жана ар тараптуу өнүгүшү, анын эл аралык кадыр-баркынын бекемделиши  Владимир Путиндин мамлекеттик жогорку кызматтагы ишмердигине  түздөн-түз байланыштуу экендиги белгиленет.

“Сиздин талыкпаган эмгегиңиз, лидерлик сапаттарыңыз жана өзгөчө жөндөмүңүз мындан ары дагы достук мамиледеги россиялык элдин  турмушунун жакшырышына, гүлдөп өнүгүүсүнө өбөлгө болот деп терең ишенем.

Элибиз жана өлкөнүн жетекчилиги Россия тарыхый жактан тамырлаш жана тектеш мамлекет экендигин так, даана көрүп-билип турат. Бүгүн Сиздин жеке катышууңуздун  аркасында кыргыз-россиялык мамилелер стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине  көтөрүлдү”,-деп белгиленет Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо телеграммасында.

Мамлекет башчысы Владимир Путинге чың ден-соолук, бак-таалай жана мамлекеттик ишмердигинде жаңы ийгиликтерди каалады.

2015-жыл 7-октябрь