Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-октябрда, иш сапар менен Россия Федерациясынын Сочи шаарына келди.
Иш сапарынын алкагында Президент Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушат.
Мамлекет башчылары кыргыз-россиялык кызматташуусунун актуалдуу маселелерин, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле ар кыл тармактарда, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өз ара аракеттенишүүнүн келечегин талкуулайт.