Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Т. Жумакадыровду Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы кызматына дайындады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-октябрда Темир Жумакадыровду Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы кызматына  дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Бул туурасында Мамлекет башчысы  Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешмеде жарыя кылды.

“Өлкөбүздү өнүктүрүүнүн азыркы этабында  улуттук коопсуздук, Куралдуу күчтөрдү бекемдөө маселелери абдан чоң мааниге ээ болуп турат. Ошондой эле,  өткөн парламенттик шайлоолордо шайлоочулар жана саясый партиялар тарабынан укук коргоо  органдарынын  ишиндеги ыраатсыздыктар, ошондой эле коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу зарылчылыгы тууралуу маселелер көтөрүлгөн.

Коргоо кеңешинин катчылыгын жетектеп турганда  Темир Курмангазиевич  мындай ишке жакшы негиз түзгөндүктөн, бүгүнкү күндө биздин максатыбызды сапаттуу ишке ашыра ала турган андан  бөлөк адамды көрбөй турам. Ошондуктан  мен Темир Жумакадыровдун  күч-аракетин  Коргоо кеңешинин катчылыгынын ишине топтоштуруу тууралуу чечим кабыл алдым”,- деди Кыргызстандын Президенти.

Жыйынтыгында Мамлекет башчысы Т.Жумакадыров жаңы кызматта  аткара турган негизги милдеттерди белгиледи. Алар төмөндөгүлөр:

1.Аскердик реформанын негизги этабын аяктап,  Куралдуу күчтөрдү мындан ары бекемдөөнү камсыз кылуу. Бул - Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы Колбашчысы бекиткен тиешелүү пландарды аткаруунун жүрүшүн координациялоону күчөтүү.

2.Укук коргоо органдарында   жүргүзүлүп жаткан реформаларды координациялоону камсыз кылуу. Бул жерде кеп төркүнү  Кыргыз Республикасынын  укук коргоо органдарынын ишинде негизи жок бири бирин кайталоолорго жол бербей, натыйжалуу өз ара аракеттенишүүнү камсыз кылган укук коргоо органдарынын иштиктүү системасын түзүү туурасында жүрүп жатат.

2015-жыл 7-октябрь