Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кенешке шайлоолорго эл аралык байкоочулардын миссияларынын башчылары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 2015-жылдын 5-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешке шайлоолордогу эл аралык байкоочулардын миссияларынын башчылары менен жолугушту.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы эл аралык байкоочулардын миссияларынын башчыларына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине шайлоолорду өткөрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Кечэ Кыргызстан үчүн тарыхый күн болду”,-деп билдирди Президент Алмазбек Атамбаев.

Президент  2005-жылдан тартып, 10 жылдын аралыгында өлкөбүздө  шайлоо өткөрүлгөндөн кийин түрдүү митингдер жана толкундоолор болгондугун  эске салды. “Эки ирет  - 2005 жана 2010-жылы шайлоолордогу адилетсиздиктер элдик революцияга алып келген. Ошондуктан өлкөнү туруктуу өнүктүрүү үчүн таза шайлоо өткөрүүгө үйрөнүшүбүз чоң мааниге ээ эле”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысынын айтымында таза жана ачык  шайлоо өткөрүү маселеси Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү жана улуттук коопсуздугун камсыз кылуу менен катар 2013-2017-жылдары өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында  атайын белгиленген. “Мен үчүн таза жана калыс шайлоо өткөрүү жеке ишиме айланган. Бүгүн менин турмушумдагы эң бактылуу күндөрдүн бири. Анткени  бүт өлкөбүздө, бир дагы региондо, бир да райондо, бир да шаарда, бир да айылда шайлоолордун жыйынтыгына каршы бир дагы митинг  өткөрүлгөн жок. Бул жагдай шайлоо процессин өткөрүүнүн сапатын  көрсөтүп турат. Биздин өлкөбүз үчүн бул абдан  таң каларлык көрүнүш. Эгерде  шайлоолорго даярдык көрүүнү бир катар бейөкмөт уюмдары, саясатчылар жана өлкөнүн партиялары тарабынан  жаңы технологияларды пайдалануунун негизинде ызы-чуу менен коштогонун эске алсак, мындай болууга жол жоктой сезилген”,-деди Президент.

Мамлекет башчысы  Өкмөттүн, шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүдөгү жана өткөрүүдөгү жыйынтыктуу жана ыраттуу ишин белгилеп өттү. “Биз абдан  таза жана адилеттүү шайлоо өткөрдүк”,-деп билдирди Алмазбек Атамбаев.

Президент шайлоо процессиндеги терс көрүнүштөргө дагы токтолуп кетти. “Көптөгөн адамдардын добушун сатканы, ал эми айрым партиялар ал добуштарды сатып алганы шайлоо ишине көлөкө түшүрдү. Бирок муну күчкө салып жое албай экенсиң, бул жагдай өлкөдө жарандык коомдун калыптануусуна байланыштуу болот экен”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы  Кыргызстанда жарандык коом ыкчам өнүгүп  жаткандыгын эске алганда кийинки шайлоолордо аталган терс көрүнүштөр жоюлаарына ишенимин билдирди. “Шайлоочулардын добушун сатып алуу – өлкөбүздүн өткөндөн калган “мурасы”. Ал кезде өлкөнү авторитардык режим жана уурулар башкарып турган. Бул  көрүнүш убактылуу, мен буга бөркүмдөй ишенем”,-деди Президент.

Президент Алмазбек Атамбаев  ар бир өлкөдөгү туруктуулук коомдук түзүлүштүн жана шайлоолордун таза жана  калыс өткөрүлүшүнө байланыштуу болоорун белгиледи “Мен өлкөбүз алдыга абдан чоң кадам жасагандыгына абдан сыймыктанам. Мындай деңгээлдеги шайлоону жаңы технологияны пайдалануу менен  өткөрүү регионубузда  биринчи жолу болуп жатат. Бул өлкөбүз экономикалык жаткан дагы  өнүгүшүнө дагы кепилдик берет. Анткени  адилеттүү шайлоо өткөрүү  өлкөнүн өнүгүшү үчүн абдан чоң мааниге ээ”,- деп Президент таза жана адилеттүү шайлоо  өткөрүүгө эл аралык коомчулук дагы колдоо көрсөткөндүгүн кошумчалады.

Ушуга байланыштуу Мамлекет башчысы эл аралык коомчулукка, анын ичинде  Жогорку Кеңешке  депутаттарды шайлоону өткөрүүгө финансылык жана моралдык колдоо көрсөткөн өлкөлөргө, ошондой эле өлкөдөгү шайлоо процессине калыс баа бергендиги үчүн эл аралык байкоочуларга ыраазычылык билдирди.

“Өлкөбүз демократияга, эркиндикке, таза коомго карай өз жолун тандап алгандыгына сыймыктанам. Бул акырында өлкөнүн гүлдөп өнүгүшүнө алып келет. Себеби  саясый плюрализм болмоюнча экономикалык плюрализм дагы орнобойт. Мындан кийинки алдыбызга койгон максатыбыз – элибиздин жашоо  деңгээлин тез жогорулатуу”,-деп сөзүн жыйынтыктады Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодогу эл аралык байкоочулар миссиясынын башчылары Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин  жаңы технологияларды пайдалануу менен  таза жана ачык шайлоону ийгиликтүү өткөргөндүгү менен куттуктады.

Эл аралык байкоочулар миссиясынын башчылары республикада  добуш берүү процедурасына жогору баа беришти. “Кыргызстандын бийлиги  элине өз келечегин тандап алууга жакшы мүмкүнчүлүк тартуулады”,-деп жарыялады Шанхай кызматташуу уюмунун Башкы катчысынын орун басары Сабыр Имандосов.

КМШ Аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Владимир Гаркун  парламенттин депутаттарын шайлоону таза жана  калыс   өткөрүү боюнча Кыргызстандын тажрыйбасы башка мамлекеттерге үлгү болоорун белгиледи. ”Бул шайлоолордун жыйынтыгы өлкөнүн коомчулугу  шайлоого олуттуу мамиле жасаарын көрсөттү”,-деди ал.

Европа парламентинин депутаты Иоахим Целлер  Кыргызстан жана анын эли “өлкөнү модернизациялоодо жана демократиялаштырууда алдыга дагы бир кадам жасагандыгын” билдирди.

Чехия парламентинин депутаты Ивана Добешова  Мамлекет башчысы жаңы технологияны пайдалануу менен шайлоо өткөрүү боюнча туура чечим кабыл алгандыгын баса белгиледи. “Добуш берүү учурунда байкоочулардын көптүгү мени абдан таң калтырды”,-деп депутат, бул шайлоодон кийин Кыргызстандын жарандарынын жашоосу жакшыраарына ишенимин билдирди

Ислам кызматташуу уюмунун Азия региону боюнча саясый департаментинин директору Али Аболхассани  Кыргызстандын парламентине депутаттарды шайлоо тынч, ачык жана калыс өткөрүлгөндүгүн белгиледи. “Бул шайлоолор  өлкөнү мындан ары демократиялаштырууга жакшы негиз болот”,-деди ал.

Өз кезегинде Мамлекет башчысы Башкы катчы Ламберто Занньерге  Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо алдында  расмий  сапар менен Кыргызстанга келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди. “Анын колдоосу жана жасаган сапары  жаңы технологияларды пайдалануу - өлкөнүн жарандарын биометрикалык каттоо менен шайлоо өткөрүүдө чоң роль ойноду”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Жолугушуунун соңунда Президент Алмазбек Атамбаев  эл аралык байкоочулардын бардык сын пикирлери жана сунуштары эске алынып, терең изилденээрин белгиледи. ”Кечэ биз алган сабак – абдан баалуу сабак. Майда маселелер көп болду, бирок биз негизги маселени чече алдык – таза жана адилеттүү шайлоо өткөрүүгө жетиштик. 2017-жылы  президенттик шайлоо өткөрүүдө парламенттин депутаттарын шайлоодо кетирген бардык кемчиликтер жана жетишпегендиктер эске алынып, толугу менен жоюлат”,-деп жыйынтыктады Алмазбек Атамбаев. 

2015-жыл 5-октябрь