Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2015-жылдын 4-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодо Бишкек шаарынын №5-кесиптик лицейинде жайгашкан № 1209 шайлоо участогунда добуш берди.
Добуш бергенден кийин Мамлекет башчысы журналисттердин суроолоруна жооп берди.