Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Дордой» турак жай массивиндеги № 94-мектептин ачылыш салтанатына катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-октябрда, Бишкек шаарынын Свердлов районундагы “Дордой” турак жай массивинде жайгашкан № 94-мектептин ачылыш  салтанатына катышты.

Мамлекет башчысы мугалимдерди кесиптик майрамы, окуучуларды жана алардын ата-энелерин жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады. “Мугалимдик кесип - абдан ардактуу жана кадырлуу, анткени мугалимдер өз өмүрүн балдарды тарбиялоого, өлкөбүздүн келечегине арнайт”, - деди  Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы  акыркы 5 жылдын аралыгында  Кыргызстанда мугалимдердин айлык акысы экинчи ирет жогорулатылып жаткандыгын эске салды. “Мындай кадам жакшы жыйынтыктарды берип, мектепте билим берүүнүн сапатына жакшы таасир тийгизип жаткандыгына ишенем”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Президент  жакынкы эки жылдын аралыгында авариялык абалдагы мектептер толук  ремонттолуп, өлкөнүн бардык региондорунда жаңы мектептер салынаарын эске салды.  “Элибиз буга толук ишене элек, анткени өлкөбүздө  буга чейин мындай иштер жасала элек болчу”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы  учурда  мугалимдерди турак жай менен камсыз кылуу маселеси анын көңүл борборунда экендигин баса белгиледи. “Биз тиешелүү иштерди жүргүзүп жатабыз, мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер жана врачтар үчүн атайын ипотекалык компания түзүүнү пландаштырып жатабыз. Бул максатка Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фондунан 100 млн. доллар жумшоо пландаштырылууда”, - деп маалымдап, Алмазбек Атамбаев ушул жол менен мугалимдик кесиптин кадырын кескин көтөрүүгө жетишсе болооорун белгиледи.

Президент  мугалимдерге колдоо көрсөтүү жыл санап  күчөтүлөөрүн, анткени өлкөбүз  өнүгүү жолун  так аныктап алгандыгын белгиледи.

Сөзүнүн соңунда Президент мектептин директоруна башталгыч класстардын окуучулары үчүн окуу китептерин жана жогорку класстар үчүн 2 комплект мультимедиялык жабдуу сатып алууга 1 миллион сомдук  сертификат тапшырды.

2015-жыл 3-октябрь