Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Нарын облусунун Кочкор жана Жумгал райондорунун активи жана коомчулугу менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30 сентябрда, Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кочкор жана  Жумгал райондорунун активи жана жашоочулары  менен жолугушуу өткөрдү.

Кочкор жана Жумгал райондорунун активи жана жашоочулары  менен жолугушуу “суроо-жооп” форматында өткөрүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы өлкөнүн өнүгүшү үчүн зор мааниге ээ болгон ишке ашырылып жаткан инфраструктуралык долбоорлор туурасында айтып берди. Атап айтканда Президент Алмазбек Атамбаевдин пикири боюнча Бишкек-Нарын-Торугарт жана Бишкек-Балыкчы-Казарман автожолдору региондун гана эмес, жалпы өлкөбүздүн жигердүү өнүгүшү үчүн шарттарды түзөт.

Президент өлкөбүз үчүн жолдор зор мааниге ээ экендигин, региондор жана облустар ортосунда экономикалык өз ара кызматташуусун тереңдетүүгө өбөлгө түзөөрүн белгиледи. “Жакынкы жылдары Нарын облусу толук кандуу транспорттук борборго айланат”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы ошондой эле өлкөнүн энергетикалык системасын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган долбоорлордун ишке ашырылышына дагы токтолуп кетти. Алмазбек Атамбаевдин айтымында Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын жана Кара-Кече кениндеги  жылуулук электр станциясынын пайдаланууга берилиши өлкөдөгү электроэнергияга болгон тартыштыкты жоюу менен бирге, башка мамлекеттерге жакшы баада электрди экспорт жасоого дагы мүмкүнчүлүк берет.

Андан тышкары Президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында чет элдик өнөктөштөр, анын ичинде Европа союзу жана Бириккен Улуттар Уюму менен бирдикте уу заттар сакталуучу жайларды рекультивациялоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы ирригация масселелерине өзгөчө көңүл бөлдү. Алмазбек Атамбаев облустун жана өлкөнүн ирригациялык системасына байланыштуу маселелерди жеке контролдукка алаарын баса белгиледи. ”Биз ирригациялык системаны өнүктүрүү боюнча  чоң программа кабыл алабыз. Ал программада качан, кайда, кандай иштер жасалаары так жазылат”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Регионду өнүктүрүү боюнча  мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар туурасында кеп кылып келип, Президент Алмазбек Атамбаев  өз кезегинде жарандар дагы мамлекет, анын келечеги тууралуу ойлонуш керек экендигин баса белгиледи. Мамлекет башчысы белгилегендей,  мындай мамиле кырдаалды өзгөртүп, өлкөнүн өнүгүшү үчүн зарыл шарттарды түзөт. “Мамлекет мындан ары дагы өлкөбүздүн бардык байлыктары элдин кызыкчылыгына кызмат кылышы үчүн бардык чараларды көрөт”,- деп билдирди Алмазбек Атамбаев.

2015-жыл 30-сентябрь