Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Нарын шаарынын, Ак-Талаа, Нарын, Ат-Башы райондорунун активи жана коомчулугу менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-сентябрда, Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Нарын шаарынын, Ак-Талаа, Нарын, Ат-Башы райондорунун активи жана коомчулугу менен жолугушуу өткөрдү.

“Суроо-жооп” форматындагы жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы Нарын облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландары жана түрдүү чөйрөлөрдө ири долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги туурасында айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун маанисин белгиледи. Алмазбек Атамбаев Бишкек-Нарын-Торугарт жана Бишкек-Балыкчы-Казарман автожолунун курулушунун аякташы,  жакынкы аралыкта регион аркылуу өтө турган темир жолдун курулушу Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзөөрүн баса белгиледи.

Президент ошону менен бирге республикада жол курулушунун сапатына өзгөчө көңүл бөлдү. Ушуга байланыштуу Алмазбек Атамбаев  Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигине өлкөнүн автотрассаларынын курулушунун сапатын текшерүү тапшырмасын берди.

Андан тышкары Мамлекет башчысы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушунун маанисин белгиледи. Аларды ишке киргизүү өлкөдөгү электроэнергияга болгон тартыштыкты жоюу менен бирге, башка мамлекеттерге экспорттоого жол ачат.

Нарын шаарынын, Ак-Талаа, Нарын, Ат-Башы райондорунун жашоочулары облуста жаңы ишканаларды ачуу боюнча маселелерди көтөрүштү. Президент Алмазбек Атамбаев  Ат-Башы районунда жаңы асфалтбетон заводу курулаарын белгиледи.

Мамлекет башчысы инфраструктуралык долбоорлорду  ишке ашыруу жана жаңы ишканаларды ачуу жергиликтүү калк үчүн жаңы жумушчу орундарын түзүп, жалпы облустун өнүгүшүнө кубаттуу түрткү берээрин баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев белгилегендей, Нарын облусунда башка облустардагыдай эле  ирригациялык системаларды өнүктүрүү маселеси абдан курч коюлган. “Ирригация маселелери,  атап айтканда региондордо каналдарды куруу жана реконструкциялоо жакынкы жылдары мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири болот”,- деп Алмазбек Атамбаев, мамлекет биринчи кезекте ирригация тармагындагы артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга тийиш экендигин кошумчалады.

Мамлекет башчысы белгилегендей, келерки жылы Нарын шаарын суу менен  камсыз кылуу системасын реконструкциялоого  жана тазалоочу курулмалардын курулушуна  зарыл болгон каражаттар бөлүнөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө облустагы курулуш жана социалдык обьектилер маселелери дагы  козголду. Алмазбек Атамбаев жакынкы эки жылдын аралыгында  өлкөбүздө мектептердин жетишсиздик маселеси толугу менен чечилээрин баса белгиледи.

Түштөн кийин Президент Алмазбек Атамбаев Нарын облусунун Кочкор, Жумгал райондорунун активи жана коомчулугу менен жолугушуу өткөрөт.

2015-жыл 30-сентябрь