Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун “Көкарт” ашуусундагы туннелинин курулушунун жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 29-сентябрда, Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун “Көкарт” ашуусундагы туннелинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Президент Алмазбек Атамбаев курулушу башталган  Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолундагы туннелдин курулушунун башталышы менен таанышып чыкты.

Таанышуу учурунда транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаев  Мамлекет башчысына узундугу 3750 метр келген, туурасы 10 метрлик туннелдин курулушунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо менен Сузак райондорунун тогошундагы, деңиз деңгээлинен 2511 метр бийиктикте жайгашкан автожол туннели Фергана тоо кыркасынын түндүк жана түштүк тараптарын бириктирет.

2015-жыл 29-сентябрь