Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кытай элдик банкынын төрагасы Чжоу Сяочуанды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 29-сентябрда Кытай Эл Республикасынын Кытай элдик банкынын төрагасы Чжоу Сяочуанды кабыл алды.

Президент Алмазбек Атамбаев  КЭР Кытай элдик банкынын төрагасын жылуу кабыл алып,  Кыргызстан   Кытай менен жылуу коңшулаштык жана стратегиялык өнөктөштүк  мамилелерди өнүктүрүүгө зор маани берээрин белгиледи. “Акыркы 4 жылдын аралыгында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда мамилелер жаңы деңгээлге – стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине көтөрүлдү”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Кытай элдик банкыныны кызматташтыгы улана берээрине ишенимин билдирди. “Өлкөлөрүбүздү бириктирген көп нерсе бар экендиги кубандырат. Кыргызстан менен Кытай  кызыкчылыктары, иш багыттары окшош. Мен дагы, КЭР Төрагасы Си Цзиньпин дагы өлкөдө коррупцияга каршы күрөштү ишибиздин негизги багыттарынын бири  катары эсептегенибиз дагы кубандырат. Биз Кытай менен мамилени жогору баалайбыз”,-деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Кытай Эл Республикасынын Кытай элдик банкынын төрагасы Чжоу Сяочуань өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаевге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал кыргыз-кытай мамилелери саясый жана экономикалык чөйрөлөрдө ыкчам өнүгүп, жаңы стратегиялык деңгээлге көтөрүлгөндүгүн белгиледи. “Биздин өлкөдө  Кыргызстан менен кызматташуу көп кызыгуу жаратууда”,-деп Чжоу Сяочуань өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон  жеке салымы үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдирди.

КЭР  Кытай элдик банкынын төрагасынын айтымында Жибек жолу өлкөлөрүнө кызматташууда артыкчылык берилээрин Кытайдын жетекчилиги  бир нече ирет билдирген. “Кытай элдик банкы  өлкөнүн борбордук банкы болуп саналат.  Кыргызстан менен Кытайдын борбордук банктарынын ортосундагы  финансылык кызматташуу өлкөлөр аралык достукту бекемдөөдө зор мааниге ээ экендигин биз абдан жакшы түшүнөбүз”,-деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы менен КЭР Кытай элдик банкынын төрагасы  Кыргыз Республикасы менен  Кытайдын борбордук банктарынын алкагында  финансы жана банк чөйрөсүндө  кызматташууну  кеңейтүү маселелерин  дагы талкуулашты.

2015-жыл 29-сентябрь